Көчмөндөр оюндары: Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү биринчи беттешин Өзбекстанга каршы өткөрөт
RU

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү биринчи беттешин Өзбекстанга каршы өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Астанада (Казакстан) старт алган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы алгачкы беттешин Өзбекстан менен өткөрөт.

Белгилей кетсек, беттеш бүгүн, 9-сентябрда Казанат ипподромунда өтөт. Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Кыргызстандын көк бөрү командасынын курамы төмөнкүдөй:

  • Рустам Тыналиев;
  • Кыязбек Ниязов;
  • Сейитбек Анарбек уулу;
  • Нуржан Мелисбек уулу;
  • Арген Абдылдаев;
  • Тойчубек Жыргалбек уулу;
  • Дастан Русланов;
  • Нурдин Болотбеков;
  • Фархатбек Бейшекеев;
  • Искак Бекболот уулу;
  • Бексултан Абдукалил уулу;
  • Эржан Тургунбаев.

Көк бөрү мелдешине жалпысынан алты команда - Кыргызстан, Казакстан, АКШ, Өзбекстан, Түркия жана Россия катышууда.

Финалдык беттештер 12-сентябрда болот.

Көк пар (жер улак) боюнча Кыргызстандын командасы да бүгүн биринчи беттешин Монголияга каршы өткөрөт. Көк пар мелдешине жалпысынан тогуз команда эки топко бөлүнгөн.

Көк пар боюнча Кыргызстандын командасынын курамы:

  • Манас Ниязов;
  • Жолдошбек Орозбаев;
  • Эрлан Толобеков;
  • Ильяз Исаков;
  • Майрамбек Рыспеков;
  • Дастан Сагынбек уулу;
  • Кушчубай Илич уулу;
  • Өмүрбек Эсен уулу;
  • Эмирлан Женишбеков;
  • Кубаныч Султан уулу;
  • Эрсултан Айдаркан уулу;
  • Ырыскелди Анатаев.

Ошондой эле эр эңиш, казак күрөшү, кураш, таяк тартыш (мас-рестлинг), тогуз коргоол, далба ойнотуу, ат үстүндө жаа атуу жана чүкө боюнча мелдештер өтөт. Бардык оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталып, финалдык оюндар 17:00дө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17261