Бишкек жана Чүйдөгү көмүр базаларынын даректери
RU

Бишкек жана Чүйдөгү көмүр базаларынын даректери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-сентябрдан тарта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда казылып жаткан көмүрдүн сатуу баасын бекитиши керек. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 5300-5400 сомдун тегерегинде болот. "Өткөн жылы көмүрдүн баасы 4 миң 200 сомдон 6 миң сомго чейин өзгөргөн. Буга логистика, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы таасир этет. Көмүр казуунун баасы жыл сайын өсүүдө", - деп белгиледи ал.

Бишкектеги көмүр базаларынын даректери

  • Айланма жол менен Алма Ата көчөсүнүн кесилиши
  • Анкара көчөсү, 97К/ Достоевский көчөсү
  • Алыкулов көчөсү, 6Б
  • Кара-Жыгач жаңы конушу, Оберон жана Сары-Өзөн көчөлөрүнүн кесилиши
  • Төмөнкү Ала-Арча айылы, Айланма жол менен Киргизия көчөсү
  • Киргизия көчөсү, 902 контуру
  • Келечек конушу, 14, 15/1 участкасы (Ак Жар)
  • Мурманская, 1б
  • Төмөнкү Ала-Арча айылы, Курманалиев көчөсү
  • Ленин а/а, Айланма жолдогу 964-965 контур

Чүй облусундагы көмүр базаларынын даректери

  • Сокулук, Ленин көчөсү 126
  • Манас
  • Полтавка, Центральная көчөсү, 44
  • Токмок, Жантаев көчөсү, б/н
  • Кемин, Советская көчөсү 160В
  • Токмок, Жантаев көчөсү, 81/2А
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17338