Мэрия таштанды челектерден ар нерсе чогулткандар айыпка жыгыларын эскертти
RU

Мэрия таштанды челектерден ар нерсе чогулткандар айыпка жыгыларын эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы таштанды салынган контейнер, челектерден кайра иштетилүүчү материалдарды чогултуу мыйзамды бузууга жана айып пул салууга алып келерин эскертти. Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы учурда калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу учурлары көбөйдү.

Мыйзамга ылайык, контейнердик аянтчаларда жайгашкан таштандылар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналат.

"Бул иш-аракеттер мыйзамды гана бузбастан, контейнер аянтчаларынын айланасында башаламандык жаратып, андан ары борбордун сырткы көрүнүшүн бузат. Контейнер аянтчаларынан жана таштанды кабыл алуучу жайлардан экинчи материалдык ресурстарды (бөтөлкөлөрдү, банкаларды жана башка буюмдарды) чогултууга катуу тыюу салынат. Бул Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринде бекитилген", - дешет мэриядан.

Бул жобону бузгандарга муниципалдык инспекция тарабынан айып пул салынат. Мэрия жарандарды Бишкекте экологиялык коопсуздукту жана ыңгайлуу жашоо шарттарын сактоо үчүн шаардын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоого жана калдыктар менен иштөө эрежелерин бузбоого чакырат

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17391