Бул оорулар менен жабыркагандар пенсиянын топтоо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда ала алышат
RU

Бул оорулар менен жабыркагандар пенсиянын топтоо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда ала алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык камсыздандыруу кызматы пенсиянын топтоо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда кайсы учурда алууга болорун маалымдады. Мекемеден жарандарда төмөнкүдөй оор оорулар аныкталса, алар пенсиянын топтолгон бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу:

1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.

2. Кан оорусу:

  • курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);
  • апластикалык аз кандуулук;
  • гемофилия.

3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:

  • кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;
  • жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
  • жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу:
  • өнөкөт аневризми,
  • жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
  • операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
  • oоблитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.

4. Өнөкөт боор жетишсиздиги, боор циррозу:

  • В жана С гепатиттери - 4-5-стадиялар;
  • органдарды трансплантациялоого муктаж болгондор жана органдарын трансплантациялоону алгандар.

5. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын алуу.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17385