Кыргызстандык дирижёр менен комузчу Өзбекстандын мамлекеттик жогорку наамдарын алышты
RU

Кыргызстандык дирижёр менен комузчу Өзбекстандын мамлекеттик жогорку наамдарын алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандын өнөр адамдарын сыйлоо тууралуу жарлыгы чыкты.

Ага ылайык, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын эстрадалык симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Нур Өмүрбаевге Өзбекстандын Эл артисти наамы ыйгарылды. Ал эми белгилүү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти болду.

Жогорку наамдар музыкалык жана аткаруучулук багытындагы үзүрлүү чыгармачылыкты, маданият жана искусство тармагындагы байланыштарды кеңейтүүдө, жалпы тарыхый мурастарды, руханий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана байытуу, эки элдин ортосундагы бир туугандык байланыштарды чыңдоо боюнча үлгүлүү иш-аракеттерди көрсөтүүдөгү салымы үчүн ыйгарылды деп айтылат жарылкта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17209