Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Улуттук команданын капитанына туу тапшырылды
RU

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Улуттук команданын капитанына туу тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Улуттук курама командасын V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатуу иш-чарасы өттү. Анда курама команданын капитаны Мирлан уулу Бактиярга мамлекеттик туу тапшырылды.

Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров спортчуларга алдыдагы мелдештерде чоң ийгиликтерди каалады.

"Бүгүн биз спортчуларыбызды V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына - дүйнө элдеринин салттарын, маданиятын жана спорттук демин бириктирген иш-чарага узатып жатабыз. Бул оюндар дүйнөгө рухтун күчүн, биримдикти жана тарыхый тамырларды сыйлоону көрсөтүү үчүн салт менен заманбаптык жолугушкан уникалдуу аянтча болуп саналат. Ушул жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу уюштурган биз экенибизди сыймыктануу менен айткым келет. Футболдун мекени Англия, хоккейдин мекени Канада деп ошол өлкөлөрдүн жарандары дайыма сыймыктануу менен айтышат жана дагы кылымдар бою мындай сыймыктануу улана берет. Биз дагы көчмөндөр оюндарынын автору катары сыймыктансак болот.

Силерди жеңиш менен күтөбүз!", - деди Акылбек Жапаров.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17221