Көлдө 9 жашар кызды зордуктаганга шектүүлөр камакка алынды
RU

Көлдө 9 жашар кызды зордуктаганга шектүүлөр камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында эки жигит зордуктоого шектелүүдө. Мындай маалыматты редакцияга Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнө 9-сентябрда 45 жаштагы О.М. аттуу Барскоон айылынын тургуну кайрылган. Ал 9 жашар кызын Көк-Сай участкасында эки киши сабап, зордуктап кетишкенин билдирген.

Милиция бул фактыны каттап, "Зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмышка шектүү катары Барскоон айылынын 2005-жылы туулган Э.Э. жана 1999-жылы туулган О.А. аттуу тургундары кармалган.

Бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен шектүүлөргө карата эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17367