Эмгек министрлиги: Ошто сабалды делген бөбөк ата-энесинен алынды
RU

Эмгек министрлиги: Ошто сабалды делген бөбөк ата-энесинен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энеси сабады деген 5 жашар баланын окуясын иликтөөгө катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Баланын апасы буга чейин милицияга көрсөтмө берип, уулу унаалардын, үйлөрдүн терезелерине таш ыргыткандыгы үчүн урушканын айткан.

"Балага зомбулук болгон, болбогонун аныктоо максатында экспертиза дайындалды. Азыркы учурда бала Ош шаарындагы адистештирилген үй-бүлө жана балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жаткырылды", - дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17346