Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган жүк ташуучу унаа кырсыкка учурады. Видео
RU

Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган жүк ташуучу унаа кырсыкка учурады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган "Росатом" ишканасынын унаасы кырсыкка учурады. Маалыматты редакцияга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.

Белгилесек, бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган дагы бир оор жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылганын комитет жыйында айткан.

Маалым болгондой, окуя 2-сентябрда Туюк-Суу - Миң-Куш - Арал унаа жолунун 2-чакырымында болгон. ӨКМдан билдиришкендей, Туюк-Суудагы эски калдык сактоочу жайдан уран калдыктарын ташыган HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кеткен.

"Окуя болгон жерге ӨКМдин Жумгал районунун кызматкерлери, милиция кызматкерлери жана ишкананын өкүлдөрү барган. Ал эми унаадагы калдык башка жүк ташуучу унаага коопсуз жүктөлгөн. Учурда кырсыктын себептери такталууда", - дешти министрликтен.

Белгилесек, 1-июнда да Нарын облусунун Миң-Куш айылында "Туюк-Суу" калдык сактагычынан уран калдыктарын ташыган HOWO унаасы кырсыкка кабылып, сууга кулап кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17177