Президент "Клооп Медианын" жабылышы, Болот Темировдун иликтөөсү боюнча комментарий берди
RU

Президент "Клооп Медианын" жабылышы, Болот Темировдун иликтөөсү боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Прездент Садыр Жапаров "Клооп Медианын" жабылышы боюнча комментарий берди. Ал "Кабар" агенттигине курган маегинде өлкөдөгү сөз эркиндиги, иликтөө журналистикасы тууралуу да үн катты.

Белгилесек, "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу тууралуу чечимди Жогорку Сот кабыл алган. Президент соттун чечими тууралуу маалыматты ЖМКлардан окуганын, бул медианын жабылышы сөз эркиндигине эч кандай таасирин тийгизбейт дейт.

"Биз 30 жылдан бери анархияны демократия, ушак-айыңды сөз эркиндиги деп алмаштырып алганбыз. Азыр эми ошол оорулардан коомчулук айыгып жатат.

Бизде сөз эркиндиги болгон жана боло берет. Болгону чындыкты чындыктай айтып турса ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу бул сөз эркиндиги эмес".

"Клооп Медианы" жабууга ар кандай иликтөөлөрү себеп болгон жокпу жана бийлик журналисттик иликтөөгө кандай карайт деген суроого өлкө башчы төмөнкүдөй жообун айтты.

"Клооп Медиа" иликтөөлөрдү бир жактуу, бирөө жарымды каралоо максатында иликтеген үчүн жаап жатса керек да. Соттор деле жөндөн-жөн чечим кабыл албаса керек. Далай жолу өзүңөр деле көрбөдүңөрбү бир жактуу каралаган, жалган материалдарды таратканын.

Иликтегендердин баарын, мейли ким болбосун колдойбуз. Бир гана сураныч - эки жактуу иликтешсе.

Эгер кимдир-бирөө уурдап жатса же коррупция кылып жатса сөзсүз көңүл бурабыз. Жазалайбыз. Аларсыз деле өзүбүз жазалап жатабыз. Алардын иликтегени да бизге жардам болот. Бирок бир жактуулук, каралоо, душмандык кылуу, жеке кызыкчылык менен иликтеп жатышпайбы. Албетте андайларды колдобойбуз", - деди.

Ал эми Болот Темировдун иликтөөлөрү боюнча: "Болот Темиров "үрө берет, кербен жүрө берет". Анын иликтөөлөрүнө көңүл бурбайбыз", - дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17174