Мүмкүнчүлүк бар. Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттеш өткөрөт
RU

Мүмкүнчүлүк бар. Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттеш өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттеш өткөрөт. Себеби, Бекзат утулуп калган америкалык балбан Спенсер Ричард Ли финалга чыкты.

Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча турнирге 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган. Алгачкы беттеште кыргызстандык балбан казакстандык Мейрамбек Картбайды жеңип, андан кийин чейрек финалда америкалык Спенсер Ричард Лиге утулуп калган.

Америкалык спортчу жарым финалда өзбекстандык спортчуну жеңип, финалга чыгып, Алмаз уулу коло медаль үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алды. 9-августта көңүл жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында биздин балбан кытайлык Ванхао Жу менен беттешет. Эгер, аны утса коло үчүн өзбек балбанына каршы келет.

Эске салсак, саналуу мүнөттөн кийин коло үчүн 67 кг салмакта Амантур Исмаилов азербайжандык балбан менен күрөшөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16916