"Оптима Банк" спортчуларды Олимпиада оюндарындагы ийгиликтүү жыйынтыктары менен куттуктады
RU

"Оптима Банк" спортчуларды Олимпиада оюндарындагы ийгиликтүү жыйынтыктары менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 28-августунда, "Оптима Банк" Олимпиадалык спортчулардын көрүнүктүү бренд амбассадорлорун: Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков жана Айпери Медет кызын 2024-жылы Парижде өткөн Олимпиада оюндарындагы укмуштуудай мелдештери жана ийгиликтери менен куттуктады.

Бул жеңиштер спортчулардын өздөрү үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү окуя болуп калды.

Банк спортчуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн башкы кеңсеге чакырып, анда спортчулар менен кызматкерлер баарлашып, эсте каларлык сүрөткө түшө алышты. Оптима Банк Башкармасынын Төрагасы Капышев Б.С. спортчуларга акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырып, алардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Оптима Банк Кыргызстандагы алдыңкы банктардын бири катары Кыргызстанда спортту жана маданиятты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ар дайым колдоп келет жана мындан ары да колдойт. Банк олимпиадачылардын жетишкендиктери жаш муундарды спортко шыктандырып, сергек жашоо образын жайылтат деп эсептейт.

Чемпиондорубузду куттуктап, аларга ден соолук, ийгиликтерди жана спорттук аренада жаңы жеңиштерди каалайбыз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17105