Бекзат Алмаз уулу жарым финалга чыга албай калды
RU

Бекзат Алмаз уулу жарым финалга чыга албай калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмак категориясындагы балбандар арасында Бекзат Алмаз уулу, тилекке каршы, жарым финалга чыга албай калды.

Кыргыз балбаны америкалык Спенсер Ричард Лиге 2:12 эсепте жеңилди. Эгерде, Спенсер Ричард Ли финалга чыкса, анда биздин спортчу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алууга көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Бишкек убактысы боюнча 9-августка караган түнү саат 1:45терде мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16914