Бекзат Алмаз уулу Олимпиада оюндарын жеңиш менен баштады
RU

Бекзат Алмаз уулу Олимпиада оюндарын жеңиш менен баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу Олимпиада оюндарындагы мелдешин ийгилик менен баштады. Ал казакстандык спортчуну 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Алмаз уулу эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта беттешүүдө. Анын кийинки атаандашы америкалык Ричард Ли болот.

Бүгүн, 8-августта 67 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов көңүл жубатуучу беттеште атаандашын бир мүнөттүн ичинде утуп, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Эске салсак, 9-августка караган түнү мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалдык беттешин өткөрөт. Бардык спортчуларыбызга ийгилик каалайбыз.

Учурда Кыргызстандын капчыгында 4 медаль бар. Бир күмүш жана үч коло. Күмүш медалды Мээрим Жуманазарова алса, коло байгени Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков алып келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16912