Жаңы жылда узакка эс алгандар үчүн февраль менен марттын үч ишембиси жумуш күнү болот
2148
Жаңы жылдык каникулдар кызуу жүрүп жатат, бирок үч күндөн кийин, 9-январда баары кадимки график боюнча жумушка жана окууга кайтып келишет.
Эгер сиз бул жума толугу менен эс алууда болсоңуз, анда алдыда үч жумушчу ишемби бар экенин эскертебиз.
4-январь күнү эс алганыбыз үчүн февралдын төртүнчү ишембиси - 25и - жумуш күнү болот. 5-январдагы дем алыш күндөрү үчүн 11-мартта жумушка чыгууга туура келет. 6-январь үчүн 25-март ишемби күнү иштейбиз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/9825