Кыргызстан алтын өндүрүү боюнча канчанчы орунда турат. Алдыңкы өлкөлөр кайсылар. Рейтинг
Садыр Жапаровдун агасынын алтын менен түшкөн сүрөтү, Кумтөр маселеси, алтынды иштетүү тууралуу ар кандай талкуулар жүрүп жатат. Негизи эле алтындын манилүүлүгү жана Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде канчанчы орунда турганын карап көрөлү.
Алтын эмнеге колдонулат
Карапайым калк алтынды зергерчилик түрүндө гана жолуктурганы менен бул металл инвестициялык максатта, өнөр жайда, мамлекеттин финансылык резервдерин түзүү үчүн да колдонулат.
Мисалы, 2020-жылы дүйнөдө зер буюмдарын өндүрүү үчүн колдонулган алтындын үлүшү (1401 тоннага) кескин кыскарган. Ошондой эле өлкөлөрдүн борбордук банктары тарабынан баалуу металлды сатып алуу да азайды (255 тоннага). Анткен менен инвестициялык максатта (1773 тонна) көбөйгөн. Ал эми техникалык максатта колдонулган алтындын үлүшү дээрлик өзгөрүүсүз калууда (300-330 тонна).
Алтын өндүрүү боюнча Кытай, Россия жана Австралия дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнө кирет. 2020-жылга карата бул үчөө эң алдыңкылар боюнча калган. Бирок, калган алдыңкы ондуктта абдан чоң өзгөрүүлөр болду.
Мисалы Африка алтын өндүрүүчүлөрдүн ондугунан чыкты. Бир кезде бул өлкө алтын казуу боюнча дүйнөдө лидер болгон.
Алтын казып алуу боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн рейтинги
(Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңешинин (WGC) 2020 маалыматы боюнча)
№ | Страна | Алтын казып алуунун көлөмү, тонна менен |
---|---|---|
1 | Китай | 368.3 |
2 | Россия | 331.1 |
3 | Австралия | 327.8 |
4 | США | 327.8 |
5 | Канада | 190.2 |
6 | Гана | 170.6 |
7 | Бразилия | 138.7 |
8 | Узбекистан | 107.0 |
9 | Мексика | 100.6 |
10 | Индонезия | 100.9 |
11 | ЮАР | 99.2 |
12 | Перу | 97.8 |
13 | Мали | 93.8 |
14 | Буркина Фасо | 93.4 |
15 | Судан | 83.8 |
16 | Казахстан | 78.4 |
17 | Конго | 60.9 |
18 | Гвинея | 56.9 |
19 | Колумбия | 53.6 |
20 | Папуа Новая Гвинея | 53.1 |
21 | Танзания | 45.9 |
22 | Турция | 42.0 |
23 | Кот-д'Ивуар | 41.9 |
24 | Зимбабве | 40.9 |
25 | Аргентина | 36.7 |
26 | Венесуэла | 33.4 |
27 | Чили | 32.1 |
28 | Суринам | 29 |
29 | Доминиканская Республика | 28 |
30 | Филиппины | 25 |
31 | Киргизия | 24 |
32 | Монголия | 20 |
33 | Гайана | 18 |
34 | Сенегал | 15 |
35 | Мавритания | 15 |
36 | Египет | 14 |
37 | Эквадор | 13 |
38 | Иран | 10 |
39 | Эфиопия | 10 |
40 | Никарагуа | 8 |
Дүйнөлүк алтын кеңешинин (WGC) маалыматы боюнча ошентип Кыргызстан алдыңкы кыркка кирет.