17 жаштагы кыздын зордукталышы: Тойкананын бир кызматкери кармалды
Чүйдө 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип "Алтын Казына" кафесинин кызматкери кармалды. Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына билдиришти.
Маалым болгондой, 7-августта 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран милиция арыз менен кайрылган. Ал Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызын зордуктап койгондугун айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.
Арыздын негизинде териштирүү иштери башталып, анын алкагында кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш ишинин жүрүшү Чүй ОИИББинин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.
Буга чейин Чүйдө 17 жаштагы кызды зордуктоого "Алтын казына" тойканасынын эки кызматкери шектелип жаткан. Алар кызды мейманкага алып барып алмак-салмак зордукташканы айтылган.