Агасы соода борборго кирип чыкканча 7 жаштагы иниси жоголуп кеткен
2319
Бишкекте кечинде адашып кеткен 7 жаштагы бала аман-эсен табылды. Милициянын кайгуул кызматкерлери баланы жакындарына өткөрүп беришти.
Маалым болгондой, 16-июлда болжол менен саат 22:00 чамасында "Мото" соода борборунун жанынан жаш бала жоголгон.
Кайгуул кызматкерлери маалыматты тактаганда, ошол эле күнү болжол менен саат 18:45 чамасында 2015-жылы туулган Н.А. аттуу бала байкеси соода борборуна кирип чыккынча белгисиз тарапка кетип калган.
Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн жаш баланы таап, байкесине сак-саламат жеткирип беришти.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/7549