Жаңы конуштагы үйлөрдү мыйзамдаштыруу үчүн эмне документтер керек? тизме
8048
Жаңы конуштардагы үйлөрдү мыйзамдаштыруу максатында атайын мобилдүү топтор түзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма-сөз кызматы маалымдады.
Мобилдик топтор жер-жерлерде иш алып барышат.
Белгиленгендей, учурда "2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган индивидуалдуу турак жайларды мыйзамдаштыруу тууралуу" мыйзамы коомдук талкууга чыгарылган. Ал ушул жылдын 29-ноябрында жыйынтыкталат.
Ал ортодо жаңы конуштун тургундарына жер тилкелерин мыйзамдаштыруу үчүн кандай документтер керектигин карап чыгуу сунушталды:
- Өздүгүн тастыктаган күбөлүк (ID-карта, түп нускасы же көчүрмөсү);
- Кварталдык комитет тарабынан тастыкталган коңшулардын тил каттары;
- Көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк бирдигинде жашагандыгы тууралуу (үй бүлө курамын көрсөтүлсүн) кварталдык комитет же МТУ төрагасы тарабынан тастыкталган маалымкат;
Андан тышкары, мэрия ортомчулар үчүн "ТилКатын" үлгүсүн көрсөтүп берди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/4489