Калкты тейлөө борборлорунун Курман айт майрамын белгилөөгө байланыштуу иштөө графиги
Санариптик өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы калкты тейлөө борборлору жакынкы күндөрү кандай иштей тургандыгын айтып берди.
19-июлдун жумушчу күнү үстүбүздөгү жылдын 24-июлундагы дем алышка которулат. Республиканын аймагындагы бардык калкты тейлөө борборлору дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү иштебейт.
24-июль, ишемби күнү бардык калкты тейлөө борборлору адаттагыдай эле жарандарды кабыл алышат.
17-18-июль күндөрү саат 10:00дөн 19:00гө чейин (түшкү саат 14:00дөн 15:00гө чейин) Бишкектеги эки кичи КТБ дагы иштейт. 19 жана 20-июль эс алуу күндөрү
Калган күндөрү бардык калкты тейлөө борборлору кадимки жумуш убактысына кайтышат.
Эскерте кетсек, дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында 2021-жылдын 19-июлундагы иш күнү үстүбүздөгү жылдын 24-июлундагы эс алуу күнүнө жылдырылган. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кол койду.