Ойногону чыгып дайынсыз жоголгон 5 жаштагы бала табылды
RU

Ойногону чыгып дайынсыз жоголгон 5 жаштагы бала табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балта шаарында ойноп жатып дайынсыз жоголгон 5 жаштагы бала аман-эсен табылды. Чүй ОИИББден билдиришкендей, бала жакындарына өткөрүлдү.

Маалым болгондой, 13-сентябрда Жайыл РИИБине 5 жаштагы баланын ата-энеси арыз менен кайрылган. Алар ошол эле күнү саат 10:00 чамасында 5 жаштагы Насип аттуу баласы Кара-Балта шаарындагы даректердин биринде ойноп жатканын, бир убакта дайынсыз жоголгонун айтышкан.

Бул факты Жайыл РИИБде катталып, издөө иштери башталган. Милиция кызматкерлери 2019-жылы туулган Насипти таап, ата-энесине өткөрүп беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17342