"Мектеп китеп сатып кел дейт. Базарда ал китептер жок". Ата-энелердин нааразычылыктары
RU

"Мектеп китеп сатып кел дейт. Базарда ал китептер жок". Ата-энелердин нааразычылыктары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окуу жылы башталары менен ата-энелер балдарына китеп сатып алууга аргасыз болуп жатканын айтышып, нааразычылыктарын билдиришүүдө. Мындан улам Kaktus.kg редакциясы "Ош базарына" барып, ата-энелер чындап эле китеп сатып алууга муктаж болуп жатабы билип көрүүнү чечти.

3-сентябрга карата "Ош базарынын" жер алдындагы өтмөктө китеп издеп жүргөн ата-энелер көп. Алардын бири 1-класстагы кызына китеп алып жатканын айтып, алардын баасы кымбат болуп жатканына нааразычылыгын билдирди.

"Математика китеби менен иш дептери 400 сом. Ар бир китепти 350, 400 сомдон алып жатам. Менин биринчи класска кирген кызымдын китеби эле 2500 сом болду. Аябай кымбатчылык. Жашоо кыйын, татаал болуп калды. Мейли, мен азыр бир эле кызыма алып жатам. 5-6 баласы бар ата-энелер кантет?

5 балага китеп. Булардын кагаз, калемдеричи? Кийимине жылына канча сом кетет? Кийим кымбат, тамак-аш кымбат. Өкмөт ошолорду карабайбы?!", - деди ал.

"Мектеп айткан китеп базарда жок"

Көп балалуу айрым ата-энелер балдарынын баарына китеп сатып алууга аргасыз болуп жатканын, издеген китептеринин экөөсүн эле тапканын айтты. Бардык баласына китеп алып берүүгө чамасы жетпей турганын айткан айым, мамлекет окуучуларга качан кам көрөт деп капаланды.

"Мектептен кайсы китептер жетпей жатканын айтышты. Бирок ал китептер бар болгону менен авторлору башка. Мектепте бар китеп базарда жок болуп жатат. 1-3-7-класстардын китептерин таппай жатабыз. Азыр келсем эки эле китеби бар экен. Мектеп ушул, ушул китептерди алып бергиле деп жатат, бирок биздин каражат жок болууда. Мисалы менин алганга чамам жетпейт. Мамлекет бизге качан жардам берет?", - дейт ал.

Дагы бир окуучунун апасы 5 баласы бар экенин айтып, ар бирине 5-6дан китеп жетпей жатканын айтты.

"Менин 5 балам бар. Азыр бир эле балама китептерди алып кеттим. Эми башкаларына да алышым керек", - деп билдирди окуучунун апасы.

"Бир баланын китебине 4-5 миң сом кетип калууда"

Айрым ата-энелер бир эле балага алган китептин суммасы 4-5 миң сомго чыгып жатканын айтты. Ал бир балалууларга мейли эле, көп балалуулар кантип жатат деген нааразычылыгын билдирди.

"Мектептен кыргыз тил, мекен таануу, музыка китептерин беришти. Бирок башкаларын сатып алууга туура келип жатпайбы. Китеп азыр абдан кымбаттап "монополия" болуп кетиптир. Азыр китептен тышкары иш дептер деген чыгыптыр. Мисалы математикага иш дептер сатып алат экенсиң, анан жөнөкөй дептер керек экен. Орус тилге да ушундай. Бардык сабак ошондой. Кимге пайда келип жатат билбейм.

Бул жөн эле ата-энени кыйноо болуп жатат. Биз иш дептери жок эле билим алганбыз. Бул жөн гана "монополия". Себеби, так бир автордукун алгыла дейт. Ошол авторлорду издеп базарларда ата-энелер кырылышып жүрүшөт. Мурун бир эле "Алиппе" болчу. Баарыбыз ошону окуп эле өлгөн жокпуз. Жогорку билим алдык. Мындай болбойт. Бул маселени караштырып, чечсеңер эң жакшы болмок", - деп билдирди ал.

"Китептер менен чогуу өзүнчө дептер алдыртып жатышат"

Атын атагысы келбеген дагы бир окуучунун апасы 4 жылдан бери балдарына китеп сатып аларын кошумчалады. Ал мектеп китеп сатып алууну гана талап кылбастан, предметтик дептерлерге акча сурап жатканын айтты.

"Жылда төрт балама китептерди сатып алам. Эми анысы аз келгенсип дептерлерге акча сурап башташты. Тиги-буга акча деп, мектеп акча эле сурай берет. Мен бере албайм деп эле айтам. Азыр ар бир балама ондон китеп алып жатам. Айла жок, алыш керек. Себеби, бала китеп жок билим ала албай калып жатпайбы", - деп капаланды ал.

Сурамжылоого катышкан ата-энелер кайсыл мектептен келгендерин, керек болсо аты-жөндөрүн айткандан баш тартышты. Алардын бири жүзүн жаап коюуну суранды. Себеби, алар мектеп жетекчилиги балдарыбызга кысым кылышы мүмкүн деп кооптонушууда.

Буга чейин деле социалдык тармактарда ата-энелер балдарына китеп сатып алууга туура келип жатканын айтышып, массалык маалымат каражаттарына кайрылышкан.

Эске салсак, 2023-жылдын сентябрь айында бийлик жыл аягына чейин 1 миллион даана окуу китеби чыгарылып, мектептерге таратылары айтылган болчу. Буга ылайык, мамлекеттик "Учкун" басмаканасы 150 миң китеп даярдап, экинчи траншта 500 миң даана китеп басып чыгарыларын убадалаганын мамлекеттик телеканалдар байма-бай айтып келишкен.

2024-жылы апрель айында Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы мектептер окуу китеп менен 70% жакын камсыздалганын айткан. Министрликтин мектептеги, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Самат Тоялиевдин айтымында, Kitep.kg мамлекеттик порталында 11 млн 768 миңден ашык китеп бар, жалпы республикадагы окуучуларга бөлгөндө 67,5% түзөт. Бул көрсөткүчкө 2023-2024-окуу жылына карата басылып чыккан 700 миңден ашык китеп киргизилген эмес.

"Бул китептер жалпы базага киргизиле элек. Алар кирсе, жалпы республика боюнча окуу китептер менен камсыздоонун пайыздык көрсөткүчү 70% тегерегинде болот. Азыркы колдонуудагы китептердин арасында эскилери да бар, аны моюнга алуу керек", - деген ал Азаттыкка берген маегинде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17175