Бишкектеги унаалардын тыгыны. Маселе жолдордогу оңдоо иштери аяктаганча чечилбейби?
RU

Бишкектеги унаалардын тыгыны. Маселе жолдордогу оңдоо иштери аяктаганча чечилбейби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги жол тыгыны учурда шаардыктардын башкы көйгөйү болууда. Жаңы окуу жылы башталып, жумушчулардын эле эмес, окуучулардын, студенттердин тийиштүү дарекке жетүүсү кыйынчылык жаратууда. Бүгүн, 3-сентябрда шаардын жолдорундагы абал менен Kaktus.kg редакциясы таанышып кайтты.

Эртең мененки саат 7:30да биз Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде болдук. Мектептерде сабак башталганы менен кечигип калып, сабакка чуркап бараткан окуучулардын саны аз эмес.

Саат 8:00гө карата аялдамаларда коомдук транспортторду күткөн окуучулар дагы деле кездешип жатты. Айрымдары коомдук транспорттордон түшүп, мектепке шашылууда.

Мындай көрүнүш кечээ, 2-сентябрда да орун алган. Анда окуучулар гана эмес, жумушуна кечиккен кишилер да абдан көп болду.

Бишкектеги унаалардын тыгынан улам айрым кызматкерлер үйдөн иштөөгө аргасыз болуп жатканы да кабарланды.

Бирок 2-сентябрдан айырмаланып, 3-сентябрда унаалардын тыгыны пайда болгон көчөлөрдүн кесилиштеринде жол тескөөчүлөр унааларды көзөмөлдөп, тыгындарды азайтуу аракетин көрүп жатышыптыр.

Эске салсак, Бишкекте бир катар борбордук көчөлөрдү оңдоп-түзөө жумуштары уланып жатат. Мэрия бул көчөлөрдө калыбына келтирүү иштери график боюнча жүрүп жатканын айтып, Горький жана Юнусалиев көчөлөрүндө оңдоо иштери 15-октябрда, Жибек Жолу проспектисинде 31-октябрда бүтөрүн маалымдаган.

Бишкектин калаа жетекчилиги бир топ жылдан бери унаалардын тыгыны жөнүндө маселени чечүүгө аракет көрүүдө. Бирок азырынча натыйжа кубантарлык эмес. Алсак Министрлер кабинети бекиткен токтомго ылайык, шаарда мектеп окуучуларынын сабагы саат 07:30да, ал эми жогоку окуу жайлардын студенттеринин сабактары саат 10:00дөн эрте эмес башталышы керек. Бул жол тыгындарын азайтуунун бир жолу болчу.

Шаардагы тыгын маселесин чечүү үчүн мэрия кошумча көчөлөрдү жана көпүрөлөрдү салууга бел байлаган. Учурда айрым жолдор салынып жатат. Алардын бири Сүйүнбаев көчөсүнөн Медеровго чейин салына турган жол.

Жыл сайын күздүн келиши менен Бишкектин көчөлөрүндө чоң тыгындар пайда болот. Айрымдар тыгындын негизги себебин жолдун тардыгына байланыштырса, кээ бирлери тыгындын негизги себебин шаардагы унаалардын көптүгү деп келишет. Маселени чечүү үчүн мэрия кандай аракеттерди көрүп жатат?

Жай - Бишкектеги айдоочулар үчүн салыштырмалуу тынч мезгил, анткени жылдын ушул маалында жолдордо көп тыгын болчу эмес. Бирок быйыл борбордук көчөлөрдүн айрымдарындагы жолдор жайы бою оңдолгонуна байланыштуу жайында да тыгындар жаралды.

Эми жаңы окуу жылынын башталышы менен Бишкектин негизги көчөлөрүндө эле эмес, эртең менен жана кечинде кошумча жолдордо да чоң тыгындар пайда болору анык.

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө тыгын маселеси ар кандай жолдор менен чечилет – алар коомдук транспортту өнүктүрүшөт, айрым жолдордо жүрүү үчүн акы төлөшөт, жада калса жаңы унааларды каттоого чектөө киргизишет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17163