35 миң долларга материал уурдаткан цехтин ээси: Мамлекет өзүнүн жаранынын укугун коргойбу?
Өзүнүн цехинде эле иштеп жүргөн чет элдиктерге (пакистандыктар) 35 миң долларга товарын уурдатканын айткан Элиф Гониоф чет элдик шектүүлөрдү кармабай, өзүнө кайра иш козгоп жатышканын Kaktus.media редакциясына билдирип, мамлекет өзүнүн жарандарынын укугун качан коргойт деп нааразычылыгын айтты.
Окуянын чоо-жайы
Элиф Гониоф үстүбүздөгү жылдын январь айында Бишкекте цех иштете баштаган. Ал цехте пакистандан келген чет элдиктер иштешчү. Цехтин ээси алардын визасынын мөөнөтү бүткөндүктөн узартууну талап кылган. Бирок, айрымдары узартпай жумуштан кетип калышкан. Арасындагы эки жаран документтерин жасатабыз деп иштөөнү улантышкан.
Элиф Гониоф ал цехтеги жайкы кийимдерди Дордойго алып кетүүнү чечип, ал жактагы кийимдерди алып чыга баштаган. Ошондо ал кийимдер толук эмес экенин көрүп, бардыгын текшергенде 35 миң доллардын товары жок болуп чыккан.
"16-июлдан баштап товарларымды алып чыгайын десем эле жетпейт. Көп түрүнөн жок боло баштаганынан келип карасам, алдыңкы беттегилери калып, артындагы товарлардын ордуна коробка менен таштандылар экен", - дейт ал.
Элиф Гониоф дароо шек санап, цехинде иштеп жаткан чет элдик жумушчуларынан сураган. Алар, мурда иштеп кеткен чет элдиктерге алып чыгып бергендерин айтып, чыгарып берген акчадан пайыз алып жүрүшкөндөрүн айтышкан. Алар күч түзүмдөрүнө азыр жазбоону суранып, тил кат жазып беришкен.
"Башында мойнуна алышкан жок. Бир аздан кийин бирөөсү баарын ачык айтып, мурунку иштеп кеткендерге чыгарып берип турганын, андан пайыз алганын айтты. Товарлар уурдалып жатканын байкаган упаковка кылып иштеген бала да айтып берген. Кийин товар чыгарып мурунку иштеп кеткендерге берген бала 250 000 сомдун товарын алып чыгып бергем деп тил кат жазып берген", - дейт Элиф.
Элиф цехте иштеген чет элдиктер алганынын далилдери көп дейт жабырлануучу. Себеби, ал мурун иштеп кеткендерди таап, товардын акчаларын мекенине салганы, жакындарына кантип жибергендерин айтып беришкен.
Анын айтымында, алардын бири үй-бүлөсүнө чалып, Кыргызстандан салган 1 миллиондун калганын артка салууну суранган.
"Тил катты жазып бергенден кийин булар бири-бири менен жолугушуп, ортодо уруш чыгып андан кийин айткандарынан кайра баш тарта башташты. Башында милицияга кайрылбагылачы төлөп беребиз, үй-жай, унааларыбызды сатсак да беребиз дешкенинен милицияга кайрылган эмеспиз", - деп окуяны айтып берди.
Бул убак аралыгында алар Свердлов райондук сотуна арыз жазып, цех ээлери аларды кыйноого алганын айтышкан. Мындан улам, цех ээлерине иш козголуп, Элифтин апасы кармалып, сурактан кийин эч жакка чыкпоо келишими менен үйгө чыгалган.
"Бул цех биз арыз жазгандан бери жабык болчу. Тергөөчүлөр келип ачканда, чет элдик шектүүлөрдүн чемодандарын көрдүк. Алар кулпулануу экен. Тергөөчүнүн көзүнчө ачтырсак биздин товарлар этикеткалары менен чыкты", - деди Элиф.
Бирок Элифтин нааразычылыгы ошол фактыны көрүп туруп, тергөөчү чет элдиктерге эч чара көрбөй койгонунда. Ал жалган-жалаа менен "кыйноо" беренеси менен иш козготуп, бирок 35 миң долларга товар уурдоого эч реакция кылбай жатышат деп кошумчалады.
"Тергөөчү менен чогуу турганда чемодандарын өзүлөрү ачкыч менен ачышты. Ачса биздин кийимдер чыкты. Бирок, тергөөчү аларга 102ни да чакырган жок. Алар чемодандарын алып кетип калышты.
Ошол маалда товарларыбыз жоголду деп, булар бири-бири менен урушуп жатканда мен апам менен башында бөлүштүрөлү деп урушуна аралашканбыз. Анан, миллионду алып мамлекетине которуп жибергенин билгенде бир чаап жибергем. Апам да бир жолу чапкан. Бирок, биздин төрт чоң кишини кыйноого алганга күчүбүз жетмек беле?! Бирок, бизди кечке тергөөдө суракка алышты. А факт турса да булар эркиндикте жүрөт", - дейт ал.
4 эркек кишини эки аял кыйноого ала алабы?
Бул маселе боюнча Элифтин жактоочусу Кайсын Абакиров Сведлов райондук соту жакшы ишти териштирип, иш алып барбай жатканын айтат.
"Май айында чет элдик жарандар менен байланышкан массалык башаламандык болбоду беле, азыр ошондой болбош үчүн пакистандын жарандарына да катуу чаралар көрүлүшү керек. Азыр товар уурдоо фактысы боюнча тергөө иштери абдан жай болуп жатат. Азыр кыргыз жарандарына иш козголуп, аял экенине карабай тергөөчү камап койгон. Эми, ойлонсоңуздар, эки аял төрт чоң эркекти кантип кыйноого алмак эле", - дейт жактоочу.
Свердлов райондук соту эмне дейт?
Свердлов райондук сотунун маалымат кызматы бул иш боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
"2024-жылдын 2-августунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү С.С.нын кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталган Г.Р.Ч.га карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу жөнүндө арызын карады. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине ылайык, арызды канааттандыруудан баш тартылып, тергөөнүн жүрүшүндө эч жакка кетпөө жөнүндө жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган, б.а. 2024-жылдын 1-октябрына чейин тандалып алынды.
Ал эми Х.М.У.га карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу жөнүндө арызын каралып, тергөөнүн жүрүшүндө 2024-жылдын 1-октябрына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми, чет элдик жарандар менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Редакция экинчи тараптын оюн угууга даяр.