Баткенде 20 жаштагы кыз шантаж кылып, акча опузалаганга шектелди
RU

Баткенде 20 жаштагы кыз шантаж кылып, акча опузалаганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Раззаков шаарында 20 жаштагы кыз опузалап акча талап кылганга шектелди. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, ал 53 жаштагы кишини шантаж кылган.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, Раззаков шаарынын 20 жаштагы тургуну Ак-Суу айылынын 53 жаштагы К.У. аттуу тургунун коркутуп, "сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберем, аны бардык эл көрөт, үй-бүлөң көрөт" деп шантаж кылып, 10 миң сом алган. Эки күндөн кийин дагы 15 миң сом талап кылып, акчаны алып жатканда кармалды.

Бул факты 208-берене (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Кармалган жаран азыркы күндө убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16933