Көлдө 18 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти
RU

Көлдө 18 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Бостери айылында 18 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти. Тилекке каршы, жигитти сактап калуу мүмкүн болгон эмес. облустук ички иштер башкармалыгы окуя 14-июлда болгонун билдирди.

Бостери айлындагы көл жээктердин биринде 2006-жылы туулган жигит сууга чөгүп каза болгону тууралуу милицияга билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, каза болгон жигит Бишкек шаарынын тургуну экени такталган. Маркумдун жакындары кырсык боюнча арыз жазуудан баш тартышкан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16664