Чүйдө сууга чөккөн 6 баланын өлүмү. Окуяга шектүү кармалды
RU

Чүйдө сууга чөккөн 6 баланын өлүмү. Окуяга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Жайыл районунда алты бала каза болгон окуяга байланыштуу айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 20-июнда 1984-жылы туулган Г.Т. үй-бүлөсү жана жубайынын сиңдисинин үй-бүлөсү менен Жайыл районунун Алтын айылындагы көлмөгө эс алууга барышкан.

Саат 18:30 чамасында Г.Т. мас абалда "Фольксваген Джетта" унаасын айдап, рулду башкара албай, көлгө оодарылып кеткен.

Кырсыктан айдоочу Г.Т., анын жубайы 1998-жылы туулган Б.О., кызы 2024-жылы туулган Г.Р. жана 1997-жылы туулган балдызы Б.О., 2017-жылы туулган кызы Б.С. аман калышкан.

Ал эми айдоочунун 2017-жылы туулган Б.В., 2018-жылы туулган Б.К., 2020-жылы туулган Б.Т. атуу балдары жана балдызынын 2015-жылы туулган Б.В., 2019-жылы туулган Б.Р., 2018-жылы туулган Б.А. аттуу балдары каза болгон.

Аталган факты Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки тергөөнүн алкагында Г.Т кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16422