Instagram, Tik Tok`то белгилүү кыздарды интим кызматын көрсөтүүгө тарткандар кармалды
УКМК тарабынан жогорку кызматтагы аткаминерлерге, байларга, ишкерлерге эскорт жана интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталды. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, анын уюштуруучулары колго түшүрүлдү.
Аталган интернет чаттарында сулуулар сынагынын катышуучулары, Instagram жана Tik Tok социалдык түйүндөрүндө популярдуу болгон 18 жаштан 25 жашка чейинки 15ке жакын модель кыздар 300-5000 долларга интимдик кызмат көрсөтүүгө тартылган. Мессенджерлердеги топтордун администраторлору кыздарды коңшу өлкөлөргө: Алматы (Казкстан), Дубай (БАЭ), Анкара жана Стамбул (Түркия) шаарларына интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн жиберип турушкан.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында А.О.В жана Р.О.Ю. аттуу кыргыз жарандары кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары Бишкек шаарындагы мейманканаларда эскорт кызматын көрсөткөндөр кардарлары менен кармалды.
Учурда УКМК тарабынан ушуга окшогон топтордун уюштуруучуларын, ошондой эле мыйзамсыз интим кызматын көрсөткөн кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.