Боомдогу жол кырсыгында 3 адам каза тапты. Дагы бир нече адам ооруканада
1179
Боом капчыгайында катталган жол кырсыктан 3 адам казаа таап, 6 адам жаракат алды. Мындай маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен кырсыктан 11 адам жабыркаганын билдиришти.
Белгилесек, 15-августта саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 124-чакырымында "Мерседес-Бенц Вито" жана "Тойота Авенсис" үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Жол кырсыгы боюнча топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/13971