Чоң-Алайда 8 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кеткен. Сөөгү табылды
1912
Чоң-Алайда 8 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Белгилүү болгондой, Ак-Суу дарыясына 2015-жылы туулган А.У. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМге келип түшкөн.
"Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, Ички иштер министрлигинен 15 кызматкер тартылган. Анын натыйжасында куткаруучулар тарабынан өспүрүмдүн сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.
Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/12731