Бишкекте 14 жаштагы Феруза табылды.Өспүрүмдү бир нече күн издешти
1926
Борбордук милициянын кызматкерлери үйдөн чыгып кетип кайра кайтып келбей калган өспүрүм кызды ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу Бишкектин ШИИББсинин басма сөз кызматы кабарлады.
Эске салсак, 9-апрелде Свердлов ИИБсине кат жүзүндөгү арызы менен И.И. кайрылып, анын 2007-жылы туулган өспүрүм кызы Сыдыкова Феруза Эрлановнаны издешүүгө жардам берүүнү суранган.
Свердлов районунун ИИБсинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, 7-апрелде, болжол менен 14:30да Новосельская көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Өспүрүмдүн кайда экени белгисиз болчу.
Милиция кызматкерлери шаарды тинтип, Ферузаны аман-эсен ата-энесине кайтарып беришти, деп бүгүнкү билдирүүсүндө жазылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/1228