Жактоочу: Дзюдо боюнча турнирде биринчи орунду алган бала СИЗОдо төрөгөн келиндин уулу
Россиянын Оренбург шаарында өткөн дзюдо боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык 3 спортчу байгелүү орундарга ээ болушту. Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришкендей, турнир 11-майдан 14-майга чейин өтүп, ага 5 мамлекеттин спортчулары катышты.
- 1-орун - Омар Аттокуров, 42 кг салмак категориясында;
- 2-орун - София Мазур, 40 кг салмак категориясында;
- 2-орун - Раатбек Адаминов, 31 кг салмак категориясында;
- 3-орун - Байел Исмаилов, 42 кг салмак категориясында.
Жактоочу Замир Жоошев 1-орунду алган Омар Аттокуров жакында эле СИЗОдон чыккан Аида Исакованын уулу экенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"13 жаштагы Омар Россиянын Оренбург шаарында өткөн дзюдо боюнча эл аралык турнирде 1-орунду ээлеп, Кыргызстандын желегин желбиретти. Ал СИЗОдо наристесин төрөп, кийин Бишкек шаардык соту тарабынан эркиндикке чыгарылган Аида Исакованын уулу. Балдарынын жанында болуп, алардын жетишкендиктерине энелик салымын кошуп жатат. Бул кандай жакшы", - деп жазды Жоошев.