Кадамжайда 55 жаштагы киши бычакталып, ооруканага түштү
1423
Кадамжайда 55 жаштагы киши бычакталып, ооруканага түшкөн. Шектүү колго түшүрүлгөнүн Баткен ОИИБден кабарлашты.
Маалым болгондой, Үч-Коргон айылынын 55 жаштагы Ю.Ф. аттуу тургуну аймактык ооруканага түшкөн. 16-мартта саат 22:45 чамасында бул туурасында милицияга маалымат берилген.
Бул боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, Масалиев айылынын 33 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну шектүү катары кармалды.
Азыркы күндө 280-берененин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/10987