Нарында күйөөсү бычактаган келин: Ал үйүмдүн дарегин билбей, жумушума келди
RU

Нарында күйөөсү бычактаган келин: Ал үйүмдүн дарегин билбей, жумушума келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында күйөөсү бычак менен кол салган аялдын ишин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу башкы укук коргоочунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Нарын шаарындагы соода борборунун бириндеги ашканадан 42 жаштагы киши аялына бир нече жолу бычак сайып жиберген видео тараган.

Мени абдан өкүндүргөнү кыз-келиндерибизге карата зордук-зомбулуктун күчөп жатканы.

"Бул окуяны мен абдан тынчсыздануу менен кабыл алып, укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууга чакырат элем. Мындай жүрөк үшүн алган окуялар кайталанбашы керек. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек", - деди акыйкаты.

Акыйкатчы Институтунун Нарын облусундагы өкүлү оор абалда облустук ооруканада жаткан келинден кабар алды. Маалым болгондой, келиндин моюнуна жана денесинин ар кайсы жерлерине бир нече жолу бычак сайылган.

Жабырлануучунун айтымында, жолдошу буга чейин да зомбулук көрсөтүп келген. Мындан улам келин ушул жылдын июль айында балдарын алып үйүнөн чыгып кеткен. Жубайлардын ортосунда 3 баласы бар. Балдары учурда, жабырлануучунун инисинин кароосунда.

"Ал менин үйүмдүн дарегин билбей калып, жумушума келип бычактап кетти. Даректи билгенде ээн-эркин мени өлтүрүп эле кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, тиешелүү жазасын алсын деп сурайт элем", - деди жабырлануучу.

Белгилесек, шектүүгө "Бейбаштык максатта, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү - башка кишинин өмүрүн кыюга аркеттенүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Нарын райондук сотунун чечими менен шектүү 30-октябрга чейин тергөө абагына киргизилди.

Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү учурда жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жана юридикалык жардамын көрсөтүүдө. Келинге узак мөөнөттүү реаблитация талап кылынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17184