Ошто 2 жаштагы наристе бала бакчадан чыгып, каналга түшүп кеткен
RU

Ошто 2 жаштагы наристе бала бакчадан чыгып, каналга түшүп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда бала бакчалардын биринен 2 жаштагы тарбиялануучу чыгып кетип, каналга түшүп кеткен. Облустук ички иштер башкармалыгынан редакцияга билдииршкендей, наристе чарчап калган.

Маалым болгондой, ушул жылы 8-августта Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кароо айыл аймагындагы бала бакчалардын биринен 2 жаштагы бала чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Факты каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасындада дайынсыз болуп жаткан 2022-жылы туулган Б.Н. бала бала бакчанын жанындагы каналга түшүп кетип, чарчап калгандыгы маалым болгон.

Окуя боюнча күбөлөр суралып, баланын өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ал эми наристенин ата-энеси эч кимге доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан баш тартышкан. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17152