Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 75 жаштагы аял табылды
RU

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 75 жаштагы аял табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп изделип жаткан 75 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Абиба Ыйманалиева табылды. Маалым болгондой, ал бүгүн, 17-августта аман-эсен табылды.

Буга чейин Абиба Ыйманалиеванын күйөөсү милицияга кайрылган. Ал жубайы 13-августта саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы "Акун" пансионатынан чыгып, белгисиз тарапка кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, ыкчам-издөө иш-чаралары башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17027