5 жашар кызды үйдөн уурдап, зордуктоого шектелген киши өмүр бою эркинен ажыратылды
RU

5 жашар кызды үйдөн уурдап, зордуктоого шектелген киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 жашар кызды үйүнөн уурдап чыгып, зордуктоого шектелген киши соттолду. Ош облустук сотунан редакцияга билдиргендей, айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды.

Маалым болгондой, өкүмдү Кара-Суу райондук соту 14-августта чыгарган.

"Айыпталуучу Э.уулу З. үч берене боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү менен эки жылга, 165-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга, 155-беренесинин 4-бөлүгү менен мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылды. Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде жазаларды жарым-жартылай кошуу менен Э.уулу З. мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою абакка кесилди", - дешет соттон.

Айыпталуучу жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөйт. Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттана алат.

Эске салсак, ушул жылдын 15-апрелинде Кара-Суу РИИБине Ош облусунун 1991-жылы туулган А.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү эртең менен 2019-жылы туулган кызы уктап жаткан бөлмөсүндө жок болуп жаткандыгын билдирген. Бул факты боюнча текшерүү жүрүп, кыз талаадан бейтааныш жарандын унаасында отурган жеринен табылган.

Топтолгон материалдын негизинде 165-берене (Адамды уурдоо) жана 155-берене (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 31 жаштагы жаран кармалган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17009