6 жаштагы балдар сентябрдан баштап нөлүнчү класска барышы керек
RU

6 жаштагы балдар сентябрдан баштап нөлүнчү класска барышы керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда алты жашка чыккан балдар нөлүнчү класска барышы керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарган Айнура Кусеинова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул балдар кийинки жылы дароо 2-класска отурушу керек.

"Программа буга чейин деле бар болчу, бирок айрым балдар бала бакчага да, мектепке да барчу эмес. Эми сентябрдан тарта алтыга чыккан балдар милдеттүү түрдө нөлүнчү класска барышы керек болот", - деди Кусеинова.

Нөлүнчү класстын милдетин азыр бала бакчадагы даярдоо тайпалары аткарып жатат. Ал эми бакчага барбаган балдарды мектептердин базасындагы нөлүнчү класстарга алып баруу керектиги айтылды.

Белгилесек, буга чейин Билим берүү министрлиги 12 жылдык билим берүү моделине өткөндө окуучулардын жаш курагы өзгөрбөй турганын билдирген. Анткени, нөлүнчү класс 1-класс болуп өзгөрөрүн маалымдаган. Башкармалык ошондой эле жаңы жылдан кийин 1-класстын окуучулары арасында сынак өткөрүлүп, окуучулар 2-класска өтүшү мүмкүн экенин четке каккан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16993