24 жаштагы жигит 1 айдан бери дайынсыз болууда. Жакындары коомчулуктан жардам сурайт
RU

24 жаштагы жигит 1 айдан бери дайынсыз болууда. Жакындары коомчулуктан жардам сурайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлгө сапарга чыгуу үчүн Бишкектин автобекетине барган Улукбек Абдиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул туурасында 24 жаштагы жигиттин бир тууганы Kaktus.kg сайтына билдирди.

Улукбек Абдиев 2000-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынын тургуну. Агасынын айтымында, Улукбектин 2-топтогу майыптуулугу бар.

"Иним Бишкекке иштөө үчүн барган. Бирок жумушу жакпай калып кайра айылга келмек болгон. 13-июлда саат 12:30 чамасында Бишкектин Батыш автобекетинен Ысык-Көлгө чыгып жатканын, акчасы жок экенин айтып, тосуп алуумду суранган. Сары-Камыш айылынан түшүп калмак, 2-3 сааттан кийин телефон чалсам уюлдук аппараты өчүк болуп калыптыр. Ошондон бери дайынсыз болууда. Бишкекке барып, Биринчи Май РИИБине да арыз менен кайрылдым, жыйынтык жок. Бишкектен Ысык-Көлгө каттаган таксисттерден да сурадым, иштеп кеткен жерине да бардым, эч кандай маалымат жок болуп жатат", - деди Сүйүнбек.

Эгер, сүрөттөгү жарандарды көргөн, билгендер болсо кабар берип коюуну жакындары суранат. Байланыш номерлери: 0703142071, 0559208068.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16956