Олимпиада-2024: Айсулуу чейрек финалга чыкса, Бекзат коло үчүн күрөшөт
RU

Олимпиада-2024: Айсулуу чейрек финалга чыкса, Бекзат коло үчүн күрөшөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарындагы алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга чыкты.

Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси, Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону, тарых жаратуучу балбан Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын (нигериялык) 5:1 эсебинде утту.

Анын чейрек финалдагы каршылашы Несрин Баш (Түркия) же Кайла Миракл (АКШ) болот. Тагыраагы, аты аталган балбандардын кимиси утса Айсулуу ошол балбан менен күрөшөт.

Ошондой эле бүгүн, 9-августта кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн күрөшмөй болду. Ал көңүл жубатуучу беттештин 1-раундунда кытайлык балбандын далысын килемге тийгизип, таза жеңишти камсыздады.

Бекзат Алмаз уулу эми коло байге үчүн өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен кармашат.

Кыргызстандык дагы бир балбан Айаал Лазарев, тилекке каршы, Олимпиададагы беттешинде алгачкы атаандашына утулуп калды.

Ал 125 килограмм салмакта ирандык Амир Хоссейн Зареге 0:5 эсебинде жеңилди. Эгерде ирандык балбан финалга чыкса, анда Лазарев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Учурда Кыргызстандын капчыгында бир күмүш, 3 коло медаль бар. Бишкек убактысы боюнча бүгүн, 9-августта саат 22:15те Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми 10-августтан 11-августка караган түнү мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалда өзбек балбаны менен кез келет. Биздин мушкердин финалда ким секундант болору азырынча так белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16927