Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды
RU

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-октябрдан 29-октябрга чейин онлайн жүргүзүлөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Республикасынын ЖОЖдоруна абитуриенттерди кышкы тандоо жана кабыл алуу - контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт.

ЖРТ болжол менен 2024-жылдын 22-ноябрынан 30-ноябрына чейинки убакытта өткөрүлөт.

ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто билимге же кесиптик орто билимге ээ, колунда орто билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар адамдар гана катыша алат.

2025-жылдын бүтүрүүчүлөрү (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери) ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) каттала алышпайт.

Мурдагы жылкы жана 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү өздүк баракчасына кирүүгө мүмкүндүк алуулары зарыл. Өздүк баракча ачуу мүмкүндүгү паспорттун жана орто билим тууралуу аттестаттын (диплом) түп нускаларын көрсөткөндөн кийин гана жашаган жердеги райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүндөгү ЖРТ боюнча жооптуу кызматкери тарабынан берилет.

Онлайн каттоонун бланкын толтуруу үчүн төмөндөгүлөр керектелет:

  • уюлдук телефондун номери
  • паспорттун түп нускасынын электрондук сүрөттөрү (эки тарабы тең)
  • аттестаттын (атайын орто билими жөнүндө дипломдун) түп нускасынын электрондук сүрөтү
  • телефон номер каттоо үчүн гана логин катары колдонулбастан, ошондой эле ЖОЖго тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн да керектелет
  • электрондук сүрөт (сүрөткө коюлган талаптар менен онлайн каттоо баракчасын толтуруу учурунда таанышасыз)

Каттоонун онлайн бланкын толтуруу нускамасын жашаган жердеги райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкеринен алууга болот.

Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүүлөрү зарыл. Жогоруда белгиленген керектүү документтердин баарынын болушу милдеттүү.

Кыргызстандын ЖОЖдоруна өтүү үчүн ЖРТнын негизги тестинин жана мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыктары милдеттүү түрдө керек.

Предметтик тесттер англис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча жүргүзүлөт. Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Предметтик тестти каалаган санда тандаса болот, бирок абитуриенттер мында "канчалык көп болсо, ошончолук жакшы" принциби иштебестигин эсепке алышы керек.

Ар бир тандалып алынган тест үчүн өзүнчө акы төлөнөт. Негизги тестти тапшырбастан предметтик тестти тапшырууга болбойт.

Каттоо акысы төлөнбөгөн учурда ЖРТга катышуу мүмкүн эмес.

  • Негизги тест – 470 сом,
  • Мамлекеттик тил боюнча тест – 200 сом,
  • Ар бир предметтик тест – 470 сом.

Бардык суроолор боюнча окуу жайлардагы ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерлерге кайрылып, ошондой эле төмөнкү телефон номерлерине чалса болот: (0312, 0502, 0500, 0550,0770) 66-48-38. WhatsApp: +996 500664838 (Иш тартиби – саат 09:00 – 17:00, ишемби, жекшемби – дем алыш).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17723