Эми мобилдик банкинг аркылуу улуттук валютада акча которууларга комиссия алынбайт
RU

Эми мобилдик банкинг аркылуу улуттук валютада акча которууларга комиссия алынбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук банк коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына сом менен акча которуулар үчүн комиссия алууга тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктын токтомунда айтылат.

Ага ылайык, ноябрдан баштап 2025-жылдын 31-декабрына чейин коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу улуттук валютада жеке кардарлардын акча которуулары үчүн комиссия алынбайт.

"Бул чаралар калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк секторуна санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүүгө жардам берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Токтом расмий жарыялангандан бир айдан кийин (24-ноябрда) күчүнө кирет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17779