Олимпиада: Сүйүнчү! Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты!
RU

Олимпиада: Сүйүнчү! Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Олимпиадада сенсация жаратып жаткан кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалда 4:1 эсебинде финалга чыкты.

Ал финал үчүн күрөштө болгариялык Хавьер Ибаньес менен беттеш өткөрүп, ишенимдүү утту.

Эске салсак, Мунарбек Сейитбек уулу кыргыз боксунун тарыхында биринчи жолу Олимпиадага жолдомо уткан мушкер. Ал бокс тарыхын бул менен эле жазбай, Олимпиаданын финалына чейин жетип келди.

Мунарбек буга чейин кубалык жана америкалык күчтүү балбандарды ишенимдүү уткан.

Муну менен Кыргызстандын капчыгында 5 медаль болот. Анын бир алтын же эң кеминде күмүш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16918