Олимпиада комитети спортчулардын талкууга алынган тамак-ашы боюнча түшүндүрмө берди
RU

Олимпиада комитети спортчулардын талкууга алынган тамак-ашы боюнча түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылыч Сарбагишев Олимпиада оюндарын уюштурууга байланыштуу нааразычылык жараткан, сын-пикир айтылган маселелер боюнча комментарий бергенин "АКИспорт" жазды.

Белгилесек, буга чейин социалдык тармактарга кыргызстандык спортчулардын кийим алмаштыруучү бөлмөдө тамактанып отурган видеосу тарап, сын-пикир жаралган. Бирок ал видео эски экени маалым болду.

Улуттук Олимпиада комитети Парижедги супортчулардын тамак-ашы башында нааразычылык жаратканын, бүгүнкү күндө жакшырганын ачыктады.

"Биринчи күндөрү ашканада чындап эле узун кезек пайда болду. Уюштуруу комитети спортчулардын арыздарын эске алып, тамактануусу жакшырды. Кийинчерек бул маселе боюнча бардык машыктыруучулар маектешишти. Алардын пикирине караганда, учурда салаттар, жемиштер, мөмөлөр жана негизги тамактар жетиштүү. Биздин комитет дагы кошумча тамак-аш уюштурду – шорпо, жаңы бышырылган эт жана тоок", - деп айтылат маадыматта.

Олимпиада комитетинен кошумчалашкандай, машыктыруучулардын өтүнүчү боюнча кыргызстандык спортчулар бир жана эки кишилик бөлмөлөргө жайгаштырылган.

"Олимпиада өтүп жаткан кыштакта бир дагы федерациянын президенти же чиновник жок. Ал жерде машыктыруучулар жана спортчулар гана жашап жатат. Башкы миссиялар жана Улуттук Олимпиада комитетинин атташелери да бар, бул Эл аралык Олимпиада комитетинин милдеттүү талабы. Алар уюштуруу иштерин - жыйындарды, отчетторду, допинг-тесттерди өткөрүшөт. Улуттук Олимпиада комитети медицина кызматкерлерине өзгөчө көңүл бурган, алар да кыштакта жайгашкан. Азыр 16 спортчуга эки укалоочу, эки дарыгер бар. Токиодо ушундай эле сандагы спортчулар үчүн бир дарыгер жана бир массажист болгон", - дешет УОКтон.

Ал эми Парижге барган айрым аткамиенрелер боюнча комитет буларды айтты. "Күрөш жана бокс федерацияларынын президенттери өз эсебинен Парижде. Жеңил атлетика федерациясынын президенти да Парижде, бирок дүйнөлүк атлетиканын эсебинен барды. Ал эми саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев жана меценат Аскар Салымбеков өз каражаттарына барган. Министр бир жолку аккредитациядан өтүү үчүн Олимпиада айылына барды. Ал дарыгерлер менен баарлашып, олимпиадалык курама командага медициналык жардам көрсөтүүнүн деңгээлин текшерди", - деп белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16921