Үзүр Жузупбеков беттеш алдында алсыраганын айтты
RU

Үзүр Жузупбеков беттеш алдында алсыраганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстанга коло медаль алып келген балбан Үзүр Жузупбеков беттештен кийин журналисттерге кыска маек берди. Ал кармаштарда ката кетиргенин, алдыда муну оңдоонун үстүндө иштей турганын билдирди.

"Бул жерге баары чемпион болуш үчүн келишет. Баары эле финалга чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретүүнү каалайт. Кечээ мен ирандыкка утулуп калдым, болору болду. Кудай 3-орунду буюрду, ушуга да шүгүр. Мен эмнгедир көп ката кетирип, атаандаштарыма тактикалык жактан утулуп калам. Муну оңдош керек. Машыктыруучулар менен кийинки оюндарга кандай даярданарыбызды сүйлөшөбүз. Кийинки Олимпиадада чемпион болом", - деди ал.

Ал эми алгачкы беттеште балбан өзүн эмнегедир бир аз начар сезгенин кошумчалады.

"Мушташ алдында эмнегедир өзүмдү бир аз начар сездим. Эмнеге экенин билбейм. Балким туура эмес тамак жедимби же жергиликтүү тамак жакпай калдыбы, алсырадым. Эртеси америкалык балбан менен болгон күрөштө чарчаңкы абалда болдум. Түштөн кийин өзүмдү жакшы сезип калдым", - деп кошумчалады.

Тамак-аш, диетологдор жана психологдор тууралуу суроого Жузупбеков командада андай адистер жок экенин ачыктады. Ал белгилегендей, тамактануусун спортчулар өзүдөрү деле көзөмөлдөп турушат, ал эми диетолог жана психологдун ролун машыктыруучулар аткарат.

Үзүр Жузупбеков Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, Литвадан келген спортчуну жеңип, кийинки раундда ирандык Мохаммадхади Саравиге утулган. Ирандык спортчу жарым финалда египеттик Мохамед Габрды жеңип, Жузупбековго 3-орун үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк берилген.

Жузупбеков АКШлык Жозеф Патрик Рауну 9:4 эсебинде утуп, коло медаль үчүн күрөштө египеттик Мохамед Габр менен кез келип, аны жеңип алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16908