Президент спортчулардын тамак-ашы боюнча: Кийинкиде эт, казы, карта менен жөнөтөбүз
RU

Президент спортчулардын тамак-ашы боюнча: Кийинкиде эт, казы, карта менен жөнөтөбүз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Париждеги Олимпиада оюндарына байланыштуу бир катар сын-пикирлер айтылууда. Анда "кыргызстандык спортчуларга жетиштүү шарт түзүлбөптүр, диетологу, психологу жок экен, тамак-ашы да жетишсиз, мамлекет шарт түзүп берсе болмок" деген талкуулар жүрүп жатат. Президент Садыр Жапаров талкууларга адаттагыдай эле "Кабар" агенттигине берген маегинде жооп берди.

"Сындайт десе эле майда-чүйдө бир нерседен кыйкым издеп, жакшы кетип бараткан иштерди бурмалай бериштин кереги жок. Биз акыркы төрт жылда спортчуларыбызга жакшы эле көңүл буруп келе жатабыз. Ошол үчүн мына бүгүнкүдөй жыйынтыктар болуп, медалдарды алып атышат. Ушуга да шүгүр дейли. Мурда эптеп эле катышып келсек болду деп жүрсөк, бул ирет жок дегенде 3 алтын медаль алышыбыз керек деген амбициябыз пайда болду", - дейт президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитет кандай кемчиликтерди кетиргенин айтты.

"Диетолог менен психолог жагын да карап коюшса болмок. Ал эми тамак-аш жагынан уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок.

Олимпиадага 15-20 күн калганда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирек болсун дегенбиз.

Парижде тамак-ашы кенен эле экен. Бирок тамак-аштын түрлөрү бирине жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Бири балык жегиси келсе, башкасы эт жегиси келет дегендей. Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу", - дейт Жапаров.

Президенттин айтымында, мурдагыга караганда спортчуларыга азыр жакшы эле көңүл бурулуп жатат. 3 жылдан бери балбандарга эң кымбат деген витаминдерди камсыз кылып келгенин айтат.

Бир жылда эле 4 миллион сом каражат жумшалат экен. Мурда жатаканаларда жашап жүргөн спорчуларыбыз бар эле. Аларга шарт түзүп, батирлерди алып, ижара акысын төлөп берип келдик. Эми Кудай буюрса, өз үйлөрү болуп калат.

"Мурда спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге барарда акчалары өз убагында бөлүнүп берилбей, каражат жок, ар кимден карыз алып, мелдешке кетип жүргөн күндөрү болгонун өз көзүбүз менен көрүп жүрбөдүк беле. Анын баарын тез эле унутуп калдыкпы? Мелдештерге барып келип, андан кийин акчалары колдоруна тийген кезде карыздары менен эсептешип жүргөндөрүн мен өз көзүм менен көргөм. Ал күндөр эми артта калды. Мындан ары эми андай болбойт.

Кыскасы, "Көрө-көрө көсөм болом" дегендей, кийинки Олимпиадага кандай даярдыктар менен баруу керектигин билип алдык. Кийинки Олимпиадага спортчуларыбызды казан-казан эт, куржун-куржун казы карталар менен жөнөтөбүз.

Азырынча кылдан кыйкым издебей, андан көрө спортчуларыбызга дем берип, колдоп туралы", - дейт мамлекет башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16924