Ошто милиция кызматкерлери баңгизаттарды атайылап таштаган деген шек менен кармалды
RU

Ошто милиция кызматкерлери баңгизаттарды атайылап таштаган деген шек менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, алар баңгизаттарды жарандарга атайылап таштоо менен алектенгенге шектелди.

"Ош ОИИБнын айрым кызматкерлери жарандарды коркутуу жолу менен кыздарды мурда аныкталган адамдардын унаасына же жеке буюмдарына баңгизатын атайлап салууга мажбурлашкан. Андан кийин ал адамдарды мыйзамсыз түрдө кармап, акча каражатын талап кылуу максатында "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына каттабастан, ар кандай милиция бөлүмдөрүндө убактылуу кармап турушкан", - деп айтылат маалыматта.

1-августта башкармалыктын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери - милициянын улук ыкчам кызматкерин М.Э.А. жана милициянын ыкчам кызматкерин Т.И.С. кармады.

Тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган 2 таңгак табылып, экспертизага жөнөтүлдү.

Кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16863