15 миң сомго чейин. УКМК майыптуулугу бар адамдардан акча талап кылуу фактысын аныктады
RU

15 миң сомго чейин. УКМК майыптуулугу бар адамдардан акча талап кылуу фактысын аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери тарабынан майыптуулугу бар адамдардан акча каражаттарын чогултуу фактылары аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

"Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Ош шаарынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери бейтаптарга жасалма тоскоолдуктарды жаратып, эксперттик комиссиядан өтүү этабында, ошондой эле майыптуулугу бар адам деп таануу жөнүндө маалым каттарды жазып берүүдө, майыптыгын аныктоо даражасына жараша 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин акча каражатын опузалап алышкан.

Акчалай сыйлык берүүдөн баш тарткан учурда майыптуулукту жана топторду аныктоо процесси жасалма түрдө создуктурулуп, натыйжада бейтаптар бир нече ай бою эксперттик корутунду ала албай келишкен", - дешет комитеттен.

Чогултулган материалдардын негизинде 343-берененин 1-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") менен кылмыш иши козголду.

9-июлда Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын Ош шаарындагы кеңселеринде тинтүү жүргүзүлүп, коррупциялык схемага тиешеси бар адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында УКМК тарабынан Ош облусунун Араван райондук медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери майыптуулугу бар жарандардан системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган.

Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги медициналык-социалдык экспертизанын түзүмүн реформалоо зарылдыгы тууралуу маселени көтөргөн. Деген менен, МСЭКтин системасын реформалоо боюнча олуттуу чаралар жүргүзүлгөн эмес, айрым кызматкерлерди ротациялоо менен гана чектелген. Жыйынтыгында мекемедеги коррупциянын кыскарышына эч кандай таасирин тийгизген эмес дешет УКМКдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16622