Акыркы үч күндө 64 тигүүчү цех жабылды. Чет элдиктерге жумуш берүүчүлөр бийликке кайрылды
18-майдагы болгон Бишкектеги окуядан кийин калаада 64 тигүүчү цех жабылды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына тигүү тармагында иштегендер билдирип, окуядан кийинки жеңил өнөр-жай тармагынан абалын айтып беришти.
Үч күндө 64 тигүүчү цех жабылды
Нурзат Алимырзаева тигүү тармагында көп жылдан бери эмгектенип келет. Ал "Үлгүлүү жана ийгиликтүү ишкерлер" тобунун негиздөөчүсү. Нурзат айым чет элдиктердин аркасынан тигүү тармагы жанданып калганда жаман окуя болду деп кейип жатат. Себеби, чет элдиктер менен болгон окуядан бул тармакка чоң сокку урду дейт.
"Бул топту дагы ушул жеңил өнөр-жай тармагын жакшыртуу үчүн түзгөнбүз. Атайын кыздарды акысыз окутабыз. Өзүм баш болуп окутам. Алар үйрөнгөндөн кийин эле үйдөн иштейбиз деп кетип калышат. А үйдөн технолог жок ар ким, ар кандай тигет да. Ошол себептүү чет элдик жарандарды жумушка тартуу керек болду.
Алар сапаты жагынан да мыкты. Бангладеш, индус, пактар тынч дагы иштешет. Эми, алар коркуп, кетип жатышат. Эмне кылабыз билбейм", - дейт ал.
50 орундуу цехте бир кыз калды
Бул Асел Алмерекова. 2002-жылдан бери тигүү тармагында иштейт. Буга чейин 50 адамды иш менен камсыздап келсе, анын 20сы чет элдик жарандар болчу. Азыр бул тигүү цехинде бир эле тикмечи калган. Чет элдик жарандардын баары кетип калып, буйрутмаларды артка кайтарып жатам дейт ал.
"Классикалык костюмдарды тикчүбүз. Россиядан буйрутмаларды алчубуз. Көп өлчөмдө онлайн дүкөнгө тикчүбүз. Тигүүчүлөрдүн баары кетип, буйрутма берүүчүлөр материалдарынын алып кетишти кечээ күнү. Себеби, биз өз убактысына тигип берүүгө жетишпей калдык.
Жумуштар ушул бойдон калды. Тигип жаткан жерден таштап туруп, кетип калышты. Анткени, видеолордун баарын көрүп алып коркушту. Кыргыздардын жумуш орундарын алып жатышат дешет, мына, эми эч ким жок. Келип иштегиле, жумуш толтура", - дейт ал.
Чет элдиктерди ортомчулар алдап жатышат
Тигүүчү цехтерди иштеткен ишкерлер мыйзамсыз, документтери жок же мөөнөтү өтүп кеткен документтер менен жүргөн чет элдиктер чын эле көп экенин моюнга алышат. Себеби, чет элдиктер да, жергиликтүүлөр да аларды алдап, туристтик виза менен алып келип, анын мөөнөтү бүткөндөн кийин документтерин узартпай качып кетип жатышат дешти.
"Туристтик виза менен алып келишип, эки ай өткөндөн кийин өз фирмаларын шылуундар жаап, башка ачып алып жатышат. Алар чет элдиктерди алдап, туристтик виза менен келе берсең Кыргызстандан визаңды бир жылга узартып берем дешет экен.
Ал эми, насыя, карыз алып иштегени келгендер же документтен жок, же жумуштан жок талаада калып жатышат. Булардын документтерин мыйзамдаштырайын деп мен да көп жүгүрдүм. Бирок, болбойт экен. Ал үчүн алар Кыргызстандан чыгып, кайра кириши керек экен. А булардын документинин убактысы өтүп кеткени үчүн кайра кире албай калышат да. Ошондуктан, мен бийликке, президент Садыр Жапаровго кайрылып, ушул чет элдикерди мыйзамдуу алып кирүү, шылуундарды жазалоо боюнча ишти көзөмөлдөтүүнү суранат элем", - деп кошумчалады ал.
"Өзүбүздө жакшы тигүүчүлөр бар, болгону "көөп" кетишти
Асел Алмерекова жакшы кийим тиккендер Кыргызстанда көп экенин да моюндайт. Бирок, улуу муун жоопкерчиликтүү иштегени менен жаштар жоопкерчиликсиз мамиле кылат дейт. Алар, өз шарттарын коюп, алдын ала акча талап кылып, же үйрөнүп алып башка цехтерге кетип калышат деп нааразычылын билдирди ишкер.
"Иштей турган жумушчулар жок. Быйылкы жылды эсептебегенде акыркы эки жыл тигүүчү жок. Беш киши келсе да башка жактан 5 сомго көп айтып койсо ошол жакка кетип калышат. Тигүүчүлөр жаман деп айтпайм. Биздин тигүүчүлөр болгону "көөп" кеткен. Мурунку адамдар жоопкерчиликтүү мамиле кылып, иштей беришет. Ал эми жаштар "чегирткедей" секирип эле жүрүшөт. Эки жакка секирип эле, туруксуз", - дейт ал.
Туристтик виза менен иштеп жүргөндөр
18-майдагы окуянын чоо-жайын түшүнгөн чет элдиктердин айрым бөлүгү жакшынакай эле иштеп жатышат. Болгону, арасында туристтик виза менен келгендер көп. Алардын бири Кыргызстанда жашоо да, айлык да жакшы экенин белгилеп, бул жерден иштөөнү улантууну ойлоп жатканын кошумчалады. Ал бул окуяны болгону түшүнбөстүк деп атады.
"Мен Пакистандын Исламабад шаарынан болом. Окуяга байланыштуу айрымдар Пакистанга кайтып жатышат. А мен мекениме кайтууну ойлоно элекмин. Ал окуя болгону түшүнбөстүктөн жаралды. Мен Кыргызстанда бактылуумун. Кыргызстан Пакистанга салыштырмалуу жакшы. Айлык жагынан да, жумуш жагынан да", - деди ал.
"Кыргыздар менен чет элдиктерге бирдей айлык берилет"
Иш берүүчү Асел Алмерекова башкаларга салыштырмалуу чет элдиктерге аз айлык төлөнөт дегенге кошулбайт. Ал кыргыз жарандары кандай акча алса, чет элдиктер да ошончо акчага иштейт деп билдирди.
"Келгиле, эми иштегиле! Мына, бош турат цехтер. Анан, айтышат экен: пакистан, бангладештиктерге арзан төлөйт деп. Ким арзан төлөйт билбейм. Мен кыргыздарга кандай төлөсөм, ошондой эле төлөп келгем. Мээнеттерин ошондой эле төлөгөм мен.
Булардын да топтору бар. Алар бири-бири менен байланышып, бааларды тактап турушат. Эмгегине жараша татыктуу акчаны алышат", - дейт ишкер айым.
"Кыргыздар үйдөн иштейм дешет"
Жеңил өнөр-жай тармагындагы ишкерлер эң орчундуу көйгөй иштеген кишилердин жоктугунда эмес, тиккенди үйрөнүп алып, үйдөн иштейм дегендерде болуп жатат дешет. Алардын айтымында, кыз-келиндер үйдөн технологдун көзөмөлү жок тиккени үчүн сапаты начар болуп калып жатат.
"Чет элдиктердин той-ашка кеттим дегени жок. Убагында келип, санга да, сапатка да иштешет. Кыргыз кыздарды эле эмес, мырзаларды да бекер үйрөтүп эле жатабыз. Келгиле, иштегиле деп. Алар үйрөнгөндөн кийин эле тигүүчү машина сатып алып эле үйдөн тигем деп кетип калып жатышат. Маселе ушунда. Үйдөн тиккендерди технолог козөмолдөц албайт. Тигилген кийимдер "брак" болуп, убактысына жетишпей, артка кетебиз.
Бирок, үйдө абдан жакшы тиккендер да бар. Жок деп айтууга болбойт. Болгону ал айымдар үйлөрүндө кор болуп жатышат. Алар көр оокат, башка түйшүк менен жүрүп, таланттар билинбей калып жатат. Ошондон улам чет элдикдерди тигүу тармагына тартуу муктаждыгы пайда болгон да",- дешет ишкерлер.
Улуттар аралык кастыкты болтурбоо үчүн бул материалга комментарийлер жабык.