Аксынын тургуну 14 жаштагы кызы зордукталганын айтып милицияга кайрылган
Жалал-Абад облусунда 14 жаштагы кыз мейманканада зордукталды. Облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына маалымдашкандай, кылмышка Сузак районунун тургуну шектелүүдө.
Белгиленгендей, Аксы РИИБге 1978-жылы туулган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2024-жылдын 2-январь күнү саат 22:00 чамасында 14 жаштагы кызын 31 жаштагы киши Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде зордуктап койгондугун билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул окуя Аксы милициясы тарабынан каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад ШИИБге жиберилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө арызда көрсөтүлгөн жаран Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын 1993-жылы туулган тургуну экендиги такталган. Учурда текшерүү иштери уланууда.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: ktk.kz.